Датасы: 02.10.2021
Формат: mp3

Жакшымды көбөйтөрүм
Кайгыңды бөлүшөрүм
Жалганда силер барда
Жамандык көрбөстүрмүн

Кайырма:

Өйдөдөн колун суунарым
Жыгылсаң таяп туурарым
Табылбас силердей асыл
Бир боорум бир туугандарым

Тилеймин амандыгын
Теңи жок бар байлыгым
Томсоро түшсө бири
Тилинер кан тамырым

Шам кошуп көңүлүмө
Шам чырак жүрөгүмө
Ата энем анан силер
Кош канат өмүрүмдө

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *