Датасы: 05.10.2021
Формат: mp3

Мага баарың бип бирдей
Кимиң мыктысың билбейм
Акыйкатты мен издейм
Таба албай келем

Чекчейт
Тегерегиңди сен чекчейт
Талыкпай иште изден
Элге билгизбей
Алдыда жол экөө

Оңго бассан келечек кең
Солго бассаң кетет бекер
Калган убакытың
Убарасың
Ошондуктан ойлон

Элим алданба
Элим алданба

Элди алдаба
Элди алдаба (жок)
Элди алдап шопуруңду жалдаба (жок)
Эл сен жок деле эптеп-септеп жан багат (эптеп)
Сен көргөзгөндү эл сен деп тандабайт
Тажады эл ырчылардын үнүнөн (тажады)
Тажады эл көтөрүлүш күнүгө(тажады)
Тажады эл саясаттын жытынан
Элге берчи бүтүн нан (берчи)
Ачка калды бир тууган (ачка)
Тоонун башын сүйлөгөндөр
Качып кетти журтунан (качып)
Издеп тапкан адам Чөнтөгүңө толтурат (акча)
Оозун жабып олтурат
Акча дудук болтурат

Элим алданба
Элим алданба

Ачылып ,чачылып
Кууп чыктың качырып
Эч бири түтпөсө
Оозуң калды басылып
Ашыгып
Машыгып
Орун талашпа

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *