Датасы: 12.10.2021
Формат: mp3

Күн батып таң атып
Өтүп жаткан өмүр
Сүйдүрүп күйдүрүп
Кээде калган көңүл

Жакын дос жалган дос
Аллах берди өмүр
Жаманды жакшыга жоруй бер көңүл

Кайырма;

Ак менен караны ажыратаар
Оо алла адам кыл
Пайдасы бар
Мууңду дагы тапкан шаңы бар
Күндүн да аткан таңы бар
Үмүтүмдүн жанган шамы бар

Бирөөнү сугарып бүчүр берет өмүр
Бирөөнү кууратып күчүн жээрип өмүр
Бирөөнү калкыган бүркүт кылган өмүр
Бирөөнү жарака түркүк кылган өмүр

Сабыр бер карысы жашына да өмүр
Кайрат бер кыйналган бүт жандарга өмүр
Абийир бер намыс бер адамзатка бүтүн
Жашоодо жөн гана адам болуш үчүн

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *