Бир күнү коëн менен кирпи жолугуп, коëн кирпиден минтип сурады:
-Сенин кийгенин кандай тон? Ылгый эле тикенек. Өзүңдүн түрүн да суук экен. Бутун кыска, тумшугун узун, кулагын кичине. Катуу жугүре албайсың.
Анда кирпи:
Сенин айткандарын туура, коëн. Бирок менин кийген тонум эң сонун. Бул тон мени ит менен карышкырдан сактайт. Кымтынып кийип алсам мага эч ким тие албайт. Сен өзүң сулуу болгонун менен меникиндей тикенектуу тонун жок. Үстүндөгү терин жука. Душмандан сактанууга сенин ак тонун жарам дуубу? деди.
Коён кирпиге:
Ырас сеники, досум. Менин тонум жука. Ит менен карышкырдын тиштери батып кетет. Бирок менин кулагым узун, алыстан угам. Өте күлүкмүн. Мен чуркаганда ит да, карышкыр да жетпей калат, деди.
К. Ушинский
Аябай кызыкту экен
Абдан соонун екен
Өте эмес өтө
Жугуре