Датасы: 16.12.2021
Формат: mp3

Бул жарыка келгеним
Сыноо экен билбедим
Мен да алсыз пендемин
Кечир Аллах
Шайтанга азгырылдым
Азабын тартып кийдим
Жамандык көрүп тындым
Кечир Алла

Кээде арам жутканмын
Кыз колунан тутканмын
Намазды унутканмын
Кечир Аллах
Жаманга кол сунганмын
Напсыма бек турганмын
Арам жолдо жүргөнмүн
Кечир Аллах

Баркын билбей
Ыйлаттым көп апамды
Жусам деймин катамды
Кечир Аллах

Чын досторум арданды
Жалган досум жалданды
Чын сүйлөдү жалганды
Кечир Аллах
Тапканым күнөө кайгы
Сооптон жолум айры
Мындан оор азаб барбы
Кечир Аллах
Ыймандан кечип тандым
Атамды укпай калдым
Кадырын билбей калдым
Кечир Аллах

Таарынтып үй бүлөмдү
Көрбөй жүрүп баламды
Билбей адал арамды
Кечир Аллах
Акыл жолдон адашты
Көздөрүмдү май басты
Жай намазым чаң басты
Кечир Аллах
Мен акчага тойбопмун
Сатып алам деп ойлопмун
Акыретти билпепмин
Кечир Аллах
Тозокту көрбөй чансам
Сыноодон өтпөй калсам
Жаныңа кантип барам
Кечир Аллах

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *