Датасы: 23.03.2022
Формат: mp3

Бүгүн майрам күн ачык
Жер кулпунуп чер жазып
Нооруз майрам шаңында
Кыз-жигиттер ырдашып


Айланаңды аласта
Арча жытка бөлөнүп
Жаш жубайлар жуп болуп
Ак батадан көгөрүп
Алас алас алас
Ар балээден калас
Алас

Кел Ноорузуң келебер
Бакыт нурун ала кел
Эмгектенген элиме
Ырыс кутту дагы бер

Айланаңды аласта
Арча жытка бөлөнүп
Шаңга толгон үй-бүлө
Ак батадан көгөрүп
Алас алас алас
Ар балээден калас
Алас

Байыртадан бабалар
Тозуп келген Ноорузду
Ак элечек апалар
Аластаган конушун

Айланаңды аласта
Арча жытта бөлөнүп
Ак тилектер айтылган
Ак батадан көгөрүп



Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *