Датасы: 29.03.2022
Формат: mp3

Балапан багып чоңойтсом
Темирден канат бүтсө экен.
Келечек жарык болуп,
Кылымга аман жүрсө экен.

Кайырма:
Басагой, кана басагой,
Атаңа тай-тай басып келегой, келегой.
Өмүрүң узун болсун, садага оу, садага оу
Сен али бөбөк балапан ий-ий.
Басагой, кана басагой,
Апаңа эркелеп бир келегой, келегой.
Бакытың тоодой болсун садага оу
Сен али чырпык балапан.

Ийилип турса сынбаган
Жан дүйноң бийик болсо экен.
Намыска жолдош болуп
Дилиңе ыйман толсо экен, толсо экен.

Кайырма:
Басагой, кана басагой,
Атаңа тай-тай басып келегой, келегой.
Жытыңа такыр тойбойм садага оу, садага оу
Бөбөгүм менин балапан ий-ий.
Барагой, кана барагой
Апаңа эркелеп бир келегой, келегой.
Кылыгың сенин жаным дадага оу, дадага оу
Шириним менин балапан.

Атаңа тай-тай басып келегой
Өмүрүң узун болсун садага оу.
Сен али бөбөк балапан ий-ий
Барагой, апаңа эркелеп бир келегой.
Жытыңа такыр тойбойм дадага оу
Сен али бөбөк балапан.

Один комментарий к “Гүлжигит Сатыбеков — Балапан тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *