Датасы: 10.05.2022
Формат: mp3

Шүгүр кыл таң агарып атканда
Шүгүр кыл күн кызарып батканда
Шүгүр кыл жалгыз бир жаратканга
Шүгүр кыл шүгүр кыл
Шүгүр кыл уйку сурап жатканда
Шүгүр кыл түрдүү даамды татканда
Шүгүр кыл жүрөк согуп какканда
Шүгүр кыл шүгүр кыл

Кайырма:

Күнөө издеп бул жашоонун шартына
Көңүл чөгүп мууңайганда шүгүр кыл
Кубаныч бар кайгы мууңдүн артында
Чын жүрөктөн кубанганда шүгүр кыл

Шүгүр кыл ар бир алган демиңе
Шүгүр кыл туулуп өскөн жериңе
Шүгүр кыл ач көздүкө жеңилбей
Шүгүр кыл шүгүр кыл
Шүгүр кыл сүйлөп турган сөзүңө
Шүгүр кыл көрүп турган көзүңө
Шүгүр кыл жараткандын өзүңө
Шүгүр кыл шүгүр кыл

Шүгүр кыл шүгүр кылгын күнүгө
Береке кут төгүлсүн үйүңө
Арзыбай түгөнбөгөн дүнүйө
Шүгүр кыл шүгүр кыл

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *