Датасы: 12.05.2022
Формат: mp3

Мөлтүрөгөн көзүңдөң
Балдай ширин сөзүңдөн
Байланамын бир сага
Арбап алдың өзүңө
Ушунчалык ашыгым
Көрбөй калсам сагындым
Жаным тынбай коркомун
Каламынбы деп айрылып

Кайырма:

Сүйөм жалгыз сени гана
Сүйүүм күчтүү жалгыз сага
Сыр чечишип олтуралы
Сүйүү колун берчи мага
Эзилемин сүйөм сени
Сүйө берем келчи бери
Жалындаган жүрөгүмө
Жаратканым жардам берчи
Сүйөм сени

Аткан таңдай нурданып
Жүзүң дайым кубарып
Жүрөк чиркин эзилет
Көргөн сайын берилип
Ак булутту аралап
Калкып учуп канат байлап
Түбөлүк кол кармашып
Бактылуу болуп жашайлык


Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *