Датасы: 15.05.2022
Формат: mp3

Биз жолуккан күндөрүбүз эсимде
Гүл көтөрүп келер элең кечинде
Колтукташып бирге басып сыр чечип
Жүрөр элек гүл бакчанын ичинде

Түбөлүккө сүйдүм жалгыз сени мен
Таалайыма жаралгансып жалгыз сен
Тарбиялап уул-кыздарды чоңойттук
Бул жашоого шүгүр дедим дагы мен

Бул турмуштун тузун таттык бел аштык
Алга карай жетелешип бир бастык
Кээде жыргап кээбир күндөрү кыйналып
Бул жашоонун ырахатын бир таттык

Жаратканга тобоо кылып турайын
Жакшылыкты өзүң билчи кудайым
Кучагыңды кенен жайып кут тозгон
Үй-бүлөмө чын-ден соолук сураймын

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *