Кабарлашып кат алышып
Алыстасаң сагынамын дагы
Эгер билсең жашоодогу
Сени гана өмүрүмдүн жазы
Ал ансайын карай берет
Сени жаным сулуулардын баары
Алоолонтуп жүрөгүмдү кызгандырба сен жаным

Кайырма:

Ачуума менин тийбе тийбе
Жанымда болгун дайым бирге
Башканы жаным сүйбө сүйбө сен
Кызганып катуу жүргөнүмдө
Башканын кирбе сен түшүнө
Бир менин болгун жүрөгүмдө сен

Сүйүү арнап көзүн карап
Сени мендей эч ким сүйбөс жаным
Коркуп барам кызганычтан
Жерге түшүп кетчүдөй асманым
Көзүңдү албай карай бербе
Күлүп койгон сулуулардын баарын
Тамашалап караным деп кызгандырба сен жаным

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *