Жамалыңдан айдын нуру төгүлөт
Жанга бассаң оюм бөлүнөт
Жалгыздатпай келсең чогу бийлейли
Көңүл бөлчү мага көбүрөөк
Кайырма:
Жаным азапка жанды салба
Алып барам сени айга
Сезимдерим байка
Керилип чоң кыз бирге
Келиңиз чоң кыз бийге
Жалт карап жылуу сүйлө
Чок салдың издерге
Жандасам алыс баспа
Чакырам бийге качпа
Баш ийбес жүрөгүңдү
Багындыра албай
Сезимдерим сага карай агылат
Жаш жүрогүм эңсеп сагынат
Көздөрүмдү карап койсоң эркелеп
Махабатка жаным малынат