Датасы: 10.08.2022
Формат: mp3

Эң башында кандай элек бактылуу
Ойдогудай кыйын экен бак куруу
Жаркыраган күндөй элес сүйүүбуз
Бат кеч кирип батчу беле бактыбыз

Кайырма:

Акталбаган үмүтүм
Акмалаймын күнү -түн
Мени таштап учакка
Кеттиң эле ким үчүн

Бакыт үйү үмүт менен куралган
Талкаланды азыр мени чыгарбай
Сен деп жалгыз өтчүдөймүн дүйнөдөн
Сен экөөбүз жөнүндө бул чыгарма

Тажабадым сени гана күтүүдөн
Абалым оор сезимдерим үшүгөн
Сен деп гана жашап калдым азыр мен
Мен ушуну чын сүйүү деп түшүнөм

Клип — Күтүү кайрыктары

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *