Түбүндө турам дарактын
Түйшүгүн тартам азаптын
Кааранын издейм алыстан жаным
Шурусуң берметсиң
Ак куудай келбетиң
Жамалың жанды азгырат жаным
Кайырма:
Сени сүйөм сени күтөм
Сенден гана үмүт үзбөйм
Сени сүйөм сени күтөм
Сен деп гана жашап жүрөм
Ашыктык оту кыйнады
Жүрогүм сени кыйбады
Жан дүйнөм тартат өзүңө жаным
Сен айткан жерге барайын
Сени издеп өзүң табайын
Ошондо жарпым жазылат жаным
Нурбек Саматов — Сени күтөм тексти
Датасы: 25.08.2022 Көрүүлөр: 1419