Датасы: 17.09.2022
Формат: mp3

Учугун сөздүн улап чын достук мамиледен
Айтамын ичте жаткан сырларымды анык эле
Чыныгы досторумду унутпаймын эч убакта
Өтсө да ортобуздан далай жылдар дагы деле
Достун дагы досу болот баардыгы билет аны
Колуңда болгон кезде көбөйөт анын саны
Белчеңден сазга батып кыйналып калган кезде
Кээ бири чилче тарайт таппайсың бирин дагы
Достун дагы досу болот чын дилинен сага күйгөн
Доомат кылып догурунбай дайым чогу жүргөн
Сук кышта бирге тоңгон ыссык жайда муздак болгон
Чыныгы бул досторду табалбайсың узак жолдон
Андыктан чын достуктун убадасын бекем карма
Ичи тар арамзага карыш жолоп жакын барба
Такап койсо сени жарга кыла албай эч бир арга
Таң калам досум деген жасалма адамдарга
Жамандын жолдошу көп жанында бир пайдасы жок
Акча үчүн дос болгон бар башка кылар айласы жок
Досум деп баарын билбе четинен бирден ирге
Жолобо эки жүздүү ичи тар арам кирге
Чыныгы жакын досум таштабайт ара жолго
Жыгылсаң эңип кетчү шамдагай кара жорго
Жасалма калп досторум андайда четке чыгат
Кайгырып чың дилиңден аларга капа болбо
Жаралсын ар убакта намысын уятыңа
Чындык деп чыркырасаң үч беремин кубатыңа
Чылбырды бекем карма ооздукту бошотпогун
Ардайым татыктуу бол энчилүү бул атыңа
Бөлүнөт өз ич ара достор да далай топко
Саны бар сапатсызды жолотпо жакын кошпо
Аяба жардамыңды эң жакын досторуңдан
Жакшылык кайра кайтат андан сен такыр коркпо
Кээ бир четке чыгат бөлүнүп өз тобунан
Эч качан кол үзбөүн татыктуу досторуңдан
Сезерсиң баркын билип алыста жүргөнүңдө
Эң жакын досторундун жоруктарын эстеп улам
Билинет достун досу башыңа иш түшкөндө
Карайлап караан таппай кайсалап күн бүткөндо
Билинет мына ошондо кимдин чын ким экенин
Жардамга муктаж болуп жол карап сен күткөндо
Өткөрдүм өз башымдан достун дагы далай түрүн
Досмун деп саналгандардын көбү жок эми бүгүн
Сакталып калдарада саналуу гана достор
Кеткендер кете берсин болбоймун ага тоскоол
Чыныгы жакын досум таштабайт ара жолго
Жыгылсаң эңип кетчү шамдагай кара жорго
Жасалма калп досторум андайда четке чыгат
Кайгырып чың дилиңден аларга капа болбо
Жаралсын ар убакта намысын уятыңа
Чындык деп чыркырасаң үч беремин кубатыңа
Чылбырды бекем карма ооздукту бошотпогун
Ардайым татыктуу бол энчилүү бул атыңа

Один комментарий к “Добр — Достор тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *