Жомоктой элең үйдү нурга бөлөгөн
Коноктой белең өз үйүңө жөнөгөн
Эки эсе элең эселенген жүрөктөн
Зарыгып кутуп апаң сени төрөгөн
Кайырма:
Барасың узап турмушка
Болосуң эли уул кызга
Дайрасында сүзүп бакыттын
Жанашкансың жылдызга
Тапканың болуп жүрөгүң
Аккуудай бирге көрөйүн
Унутпагын ар дайым
Ата-энеңдин тилегин
Канатымдасың ата-энеге ар убак
Жылмайып койсоң бүт дүйнөнү аруулап
Жаным кызым ай бактылуу бол ар дайым
Барган жериңди дилиң менен жаңыла