Датасы: 20.01.2023
Формат: mp3

Күн дагы бүркөлдү адамдын кабагындай
Турмуштун үзүлөр алманын сабагындай
Кыргызым ыйлаба күн тиер сага да
Намыстуу эр чыгат буйруса бактыңа

Кайырма:
Ыйлаба кыргызым бөксөрбөйт ырысың
Азап күндөн алып чыгат
Буйруса уул кызың

Базарда көр турмуш
Кыйналдың сен бир укмуш
Күдөрүң үзбөчү болор чоң бурулуш

Кайырма:
Демиңе дем берем мукамдуу ыр менен
Тирүүлүк жөнүндө жашаймын эл менен

Элимди ырысын кемиткен адамдар
А дүйнө барганда бир кудай жазалар
Тийбечи суранам элимдин нанына
Убалы кыргыздын уктатпайт сени да

Один комментарий к “Бектур Шаршеналиев — Ыйлаба Кыргызым тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *