Карышкыр менен түлкү аудиосун угуу

Карышкыр менен түлкү 2

Карышкыр менен түлкү токойдо жортуп келатышты.  Түлкү тузакка алдооч катары илинген казды көрдү. Ал  ачка  болчу, бирок  казга тийсе тузакка түшөрүн түшүнүп, катуу тамшанды. Муну байкаган бөрү сурады:

–  Түлкү курдаш, эмне мынча тамшандың? Же майлуу тамактын жытын алдыңбы?

–  Жыт алмак тургай өзүн көрүп турам, тигинде семиз каз илинип турат. Жегим келет, бирок…–  деп ал дагы катуу тамшанды.

–  Эмне бирок? Менден мурда жегенден тартынып турасыңбы? Же мени сыйлагың келип жатабы? Жегиң келсе жей бер, сыйыңа ыракмат. Мен токмун, сен ачка экенсиң, жей бер,–  деди.

–  Кеп анда эмес… Мен орозодо болчумун. Ошон үчүн жей албайм. Сен жей бер. Сенин жегениң менин жегеним,–  деди түлкү.

Досуна ичинен ыраазы болгон карышкыр карагайда илинип турган казга секиргенде  тузакка түшүп, каздын ордуна өзү салаңдап асылып калды. Каз болсо ыргып келип түлкүнүн астына түшүп калды.  Түкөң казды баса калып, жүндөрүн бырпыратып, сөөктөрүн кычыратып жей баштады.

–  Досум, сен орозо эмес белең?–  деди тузакка илинип, айласын таппай калган карышкыр.

–  Ооба, биринчи тамак табылганга чейин орозодо болчумун,–  деди каздын майлуу этин кулк эттире жутуп жиберген түкөң.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы62
Акылдуу кыз жомок49
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок33
Көмөч нан (колобок) жомок32
ЖАЛКОО25
Акылдуу балдар21
Коён менен кирпи20
Бакыт-таалай каякта?19
Акылдуу кыз18
Дыйкан жана мышык15

Карышкыр менен түлкү: 7 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *