Датасы: 18.01.2024
Формат: mp3

Акырындап баары иргелет,
Акыреттик достор бир келет…
Арттан жөлөп, күйгөн мен үчүн,
Андай досту айтчы ким берет..?

Жыгылдым, кыйналдым, толгондум,
Сыноосунда тагдыр жолдордун.
Кеңеш айтып, тартып колумдан,
Ошондо да бирге сен болдуң.

Мен сени жакшы көрөм досум,
Бул достукту Кудай колдосун!
Ортодогу таза мамиле,
Кылымдарга чейин орносун ээй!

Өмүрдө биз эки кош канат,
Биздин достук өчпөй сакталат.
Достун досу сендей болот деп,
Айткым келет талбай кайталап ээй!

Жаш кезден бекемдеп тамырын,
Чын достукту курдук акырын.
Бир нанды да тең бөлүп жеген,
Мага кымбат сенин кадырың.

Тиленем, суранам ар таңда,
Токсон, жүзгө чыгып барганда.
Майрамдарды чогуу белгилеп,
Достугубуз өтсүн балдарга.

Нурлан Насип — Дос / Жаңы клип 2024

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *