Датасы: 02.04.2024
Формат: mp3

Кел достор отуралы оюн куруп
Ырдайлы обон созуп үн кубултуп
Ансыз да турмуш жүгү басып турат
Көңүлдү көтөрөлү
Жашоонун кайгы мууңүн унуттуруп

Кел достор жакшы тилек арнашалы
Бирге болуп бирге басып жанашалы
Ансыз да өмүр кыска өмүр кымбат
Күтөлү сагыналы
Эңсешип тирүүбүздө сыйлашалы

Кел достор калтырбайлы көнүлдөрдү
Ыр менен узарталы өмүрлөрдү
Байытып күлкү менен жан дүйнөнү
Жакшылык тилешели
Жашоону кубанычта өткөрөлү


Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *