Датасы: 05.04.2024
Формат: mp3

Көмүскөгө таштап койдуң кебимди,
Куйкаладың өсүп жаткан сезимди.
Жан дүйнөмдүн өзөгүнөн өрт чыгып,
Аба жетпей жүрөк катуу эзилди.
Айтсам болбой көңүл сага берилди,
Акыры сага тарттырдың го жибимди.
Чыдайын деп миң аракет кылсам да,
Чамам жетпей мен сүйүүгө жеңилдим.

Кайырма:
Жүрөгүмдү менин тилип,тилип кеттиң,
Кубаныч,күлкүмдү жулуп,жулуп кеттиң.
Сүйүүбүздү курган бузуп,бузуп кеттиң,
Сен эмнеге жеттиң?
Мен эмнеге жеттим?

Чыгарамын үшкүрүнүп демимди,
Мен тагдырдан алгым келип кегимди.
Алаканга салып койсом асмандап,
Сен ошондо тең эмессиң дедиңби.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *