Датасы: 11.04.2024
Формат: mp3

Атакебай аскарым
Балам деп берген батаң
Кадырыңды сезбестен
Кетирдим канча ката

Апакебай мээрманым
Жүрөгүмдүн ырысы
Асылзатым ак сүтүңдү
Актай албайм апа

Кайырма:

Атакем баатыр каарманым
Таянар бол бул өмүрдө
Апакем асыл ардагым
Теңтерсиз айга күнгө

Ата-энеме камдайын
Алтындык таажы көңүлдө
Кааларым оорубай ар дайым
Көп жашап болгула төрүмдө

Апакебай сырдашым
Кыйналсам жанымда турган
Жаштыгында жанындагы
Мен үчүн курман кылган

Атакебай өстүрдүң
Көтөрүп колдоруңа
Мен карызмын экөөңөргө
Баш ийип таазим кылам


Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *