Төк жамгыр бирок мени шаштырбагың
Кайдадыр демөөртүп азгырбагын
Жууп кет жакпай турган адаттарды
А бирок калсын жандап калсын жандап
Жакшы ырларым
Кайырма:
Төк жамгыр төкчү төкчү нөшөөрлөчү
А бирок калсын жандап калсын жандап
Жакшы ырларым
Төк жамгыр максатымды сүрөп койчу
Жашоого кошкум келет үлүшүмдү
Жууп кет көңүлдү эзген кусалыкты
А бирок жууй көрбө үмүтүмдү
Төк жамгыр көкөлөтүп маанайымды
Сулуулап сылап койчу саамайымды
Ыр өпкүп мен бирөөнү күтүп жатам
А бирок суута көрбө суута көрбө шаабайымды