Тармал тармал чачтарына ороломун
Карап карап кыялымда ойлономун
Гүлгө толуп жарык болуп баратат
Сени менен жетелишип баскан жолум
Кайырма:
Кандай жаралгансың деги
Башка жанга окшобогон
Жаным асыл эркем менин
Тармал чачтарыңдан сенин
Жаным асыл эркем менин
Кызганамын башкалардан
Тыңдап тыңдап сөздөрүңө чапталамын
Балдай жанган көздөрүңө суктанамын
Мындан артык бакыт болбос ааламда
Сени менен бактылуумун билсең жаным