Атасына баласы
Акыл айткан бул заман
Ак сакалду карыдан
Ак сөз чыкпайт бул жалган
Үмүт тарткан уул кызың
Ынтымагы аңтайган
Бир муштумдай бирикпей
Ыдыраган бул заман
Калыстыкты как жарган
Кенем керлер баркталбай
Жүзүн сыйрып ыргыткан
Жалган айткан көпөстү
Кадырлаган бул заман
Калктын жүгүн көтөргөн
Төөлдөруң калп айткан
Элди бөлгөн ичара
Бузулку көп эх арман
Сөзү шири бал тилдүү
Даанышман ал аталган
Алдым жуттум ач көздүн
Күнү туулган бул заман
Кайдан келдин ай жака
Бараарыңды унуттуң
Бул дүйнөдө түбөлүк
Жашоочудай мактанба
Кайтар күндү унутпа
Кылсаң эгер жакшылык
Сообу толот байкасаң
Жамандыкты жасасаң
Жоопсуз калбайт эй адам
Мүмкүнчүлүк бар кезде
Азагыңды камдап кал
Эртеңкиге кепилдик
Эч ким бербейт карасаң
Байлыкка көп кызыкпа
Ыйманыңды суутпа
Аллах берген байлыкты
Өзү алат унутпай
Эх тууганым унутпа
Эх замандаш унутпа
Ыйманыңды суутпа