Датасы: 30.04.2024
Формат: mp3

Билсең сен түгөйүмсүң
Жаныма күйөрүмсүң
Жыгылып бара жатсам
Колтуктап сүйөрүмсүң

Билсең сен жетегимсиң
Эстеткен кечегимсиң
Өзүң деп өрттү да
Кечеримсиң
Түгөйүмсүң түгөйүмсүң

Оорусам сурарымсың
Суусасам сунарымсың
Жанымда чарк айланып
Кете албай турарымсың

Балдардын жанындасың
Байбиче кашымдасың
Баарыбыз сүйүп турган
Баа жеткис асыл жарсың
Түгөйүмсүң түгөйүмсүң

Өзүң бар ачык асман
Бакытым ашып ташкан
Балдардын атасысың
Баарына мээрим чачкан

Калтырбай көңүлдөрдү
Өткөрүп өмүрлөрдү
Бир жашап келатабыз
Эч качан бөлүнбөйлү
Түгөйүмсүң түгөйүмсүң

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *