Датасы: 19.05.2024
Формат: mp3

Сенин баркыңды билбей башында
Канча ирет азапка салдым
Сендейди издеп таппай өмүрдөн
Башымды мыкчылап калдым

Кайырма

Күнөөлүүмүн кечирчи
Сүйбөйсүң билем экинчи
Барктабаган үчүн сени
Кечире алсаң кечирчи

Күнөөлүүмүн кечирчи
Келбейсиң билем экинчи
Кыйнаганым үчүн сени
Кечире алсаң кечирчи

Сен менен өткөргөн күндөрдү эңсеп
Сагынып азыр олтурам
Келбешиң билип буулугуп анан
Көзүмдү ыйга толтурам

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *