Датасы: 04.06.2024
Формат: mp3

Мен көл элем какшыдым окшойт
Акыркы ирет жашыдым окшойт
Сен деп аккан көздөгү жаштын
Акыркысын арчыдым окшойт

Түгөнгөнү сабырдын окшойт
Сен чегинен ашырдын окшойт
Сырттан күлүп,буулугуп ичтен
Мен көп эле жашырдым окшойт

Кайырма

Сен азапка сала көрбө
Сезимимди тана көрбө
Адатыңча теше тиктеп
Мага күнөө жаба көрбө
Айыбыңды тана көрбө
Сен азапка сала көрбө
Сезимимди тана көрбө
Үмүт оту күйүп турат
Арман отун жага көрбө
Арман отун жага көрбө

Бөлүп сени жаманга кошпой
Ойлорумду тунуткан окшойм
Сен деп жүрүп өкүнөм азыр
Мен өзүмдү унуткан окшойм

Мени муңга батырдын окшойт
Көңүлүмдү калтырдың окшойт
Сага айтар акыркы сөзүм
Бактылуу бол,аман жүр,кош бол

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *