Капысынан көрүп сага арбалдым
Бир өзүңө кантип билбейм байландым
Жүрөгүмдө өзүңсүз эч тынчтык жок
Кызганычта күндө жолун караймын
Кайырма
Жамалыңа жаным ээрийт өзүңдүн
Карай кайра карай берем көзүңдү
Уяласың уячаңа бекинип
Сыр билгизбей күлүп коюп жүрөсүң
Туфилиңдин тыкылдатып такасын
Ары бери ойду буруп басасың
Жыпар жытың сирен гүлдөй буркурап
Жүрөгүмдү кантип билбейм арбадың