Таң эрте туруп эле жумушка кеткен элем
Эстесем орууй берет жүрөгүм менин денем
Алыста жүргөн бала
Сагынып ата энесин
Айылга кирген кезде
Сагынып күткөн эле
Жанымда дос баладарым
Тынчы жок ары бери
Не болду айтчы десем
Унчукпай жакшы деди
Аңгыча шыңгырады чөнтөктө телефонум
Шашылып ача калсам
Атакем кетти деди
Ойлорду карабасам жаш кетти туруп калдым
Элеси атакемдин карасам булуттарды
Ишенгим келбейт такыр
Балким бул түшпү баары
Айылга боз үй ачты мен үчүн чындыктарды
Айылга кирип бардым көздөрүм мейга толуп
Атакем тиккен гүлдөр калыптыр үшүп солуп
Атакем мен келет элем билгенде өмүр жолуң
Кечирчи ата мени билбедим эртең жогун
Кайырма
Сагындым балам деген сөзүңдү
Сагындым ата мээрим көзүңдү
Сагындым учкул айткан сөзүңдү
Ата
Окшошсуң дебескери атамдын тең туштары
Альбомдогу сүрөттөр калемде мени уштады
Мен сизди түштө күтөм
Ааламдагы туштары
Өтүнү жок калгандай кычыраган кыштагы
Эч нерсе жетпейт экен бардыңбы толук үйгө
Жаныңда жүрсө сыйлап ойлонуп анан сүйлө
Тарбия берген атам
Апакем мени сүйгөн
Атаңды күндө сыйла
Апаңды теңе күнгө
Түшүнүп бери кара
Атадай канат болбойт
Ойлонбой калсаң бүгүн
Сени да жарат олгойт
Атаңа кылган жакшыны
Балаңа кийин жолдойт
Батасын алган адам өмүрдө такыр солбойт
Атаке сөзүм берем апакем жер карабайт
Арыштап басып келем сиз жок өмүр жаралайт
Миң жакын адам болсо
Сиздей эч ким боло албайт
Сиз жок ата жүрөгүм
Өзүгүңда сого албайт
Кайырма
Сагындым балам деген сөзүңдү
Сагындым ата мээрим көзүңдү
Сагындым учкул айткан сөзүңдү
Сагындым сагындым
Ата