Датасы: 19.07.2024
Формат: mp3

Сага байланган жолум ачылган асмандай

Бекем кармаган колуң аткарылган армандай

Ар бир сөзүң акыйкаттын өзү

Жүрөгүмдөсүң, гүлдөр гүлдөгөнсүп!

Ар күн сайын меники деп мактанайын

Мен бакытымды тапкан айым

Сен убакытың арнап дайым,

Балапанын баккандай

Сен меники деп мактанайын

Мен бакытымды тапкан айым!

Сен убакытың арнап дайым

Кайырма

Сага байланган жолум ачылган асмандай

Бекем кармаган колуң аткарылган армандай

Өмүр бою издеп жүрүп келип эми тапкан

Мага тийген күнүм болдуң нурун берип жаткан

Элестетсең тээ убактан

Эң биринчи адамым кадимкидей эле жаккан

Сени сүйүп калдым дубалап алгандай!

Сүйбөсөм убалга калгандай

Сопсонун билем эгерде сага жетпесем,

Ойлор адашып барып дубалга кадалмай

Сабырымдай салкыным

Жүрөгүмдүн жарымындай алтыным

Күндөрүмдүн тарыхындай бардыгың

Мен үчүн чексиз бакыт

Сабырымдай салкыным

Жүрөгүмдүн жарымындай алтыным

Күндөрүмдүн тарыхындай бардыгың

Бул бакыт

Кайырма

Сага байланган жолум ачылган асмандай!

Бекем кармаган колуң аткарылган армандай

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *