Датасы: 04.08.2024
Формат: mp3

Баш коштуруп баарын берген кудайым

Балдарыңдын урматын көр ылайым

Бакыт нуру жанып сенин көзүңдү

Бактылуумун деген сөзүң угайын

Бирге бассам жарашкан

Бирге жатып таң аткан

Бир өмүрдө бараткан

Жубайым ай жубайым

Сен кубанчы кубандырып турайын

Үзүлгөндү уландырып турайын

Өмүр жолун өзүң менен бир басып

Өчүрбөстөн үйдөн түтүн булайын

Үйдүн жарык шамысы

Түндүн аткан таңысы

Жашоомдун бүт баарысың

Жубайым ай жубайым

Күндөрүңдү күндө майрам кылайын

Күлгүн жаштын гүл дестесин сунайын

Дүйнө жалган болсо дагы чын жашап

Жараткандан жакшылыгын сурайын

Карек менен айланган капа болсоң жайгарган

Канат болуп байланган

Жубайым ай жубайым

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *