Жан дүйнөмдү үмүткө термейм
Кыялга термейм
Сага, сага саналар сансыз
Агылат селдей
Кайырма
Карап, карап карегим талып
Издесем да
Бүт дүйнөдө таппадым сендей
Көрбөдүм сендей
Карап, карап карегим талып
Издесем да
Бүт дүйнөдө таппадым сендей
Көрбөдүм сендей
Өзүң үчүн нур чачкым келет
Асманда күндөй
Өмүр бою өзүң деп ырдайм
Чарчоону билбейм
Кайырма
Карап, карап карегим талып
Издесем да
Бүт дүйнөдө таппадым сендей
Көрбөдүм сендей
Карап, карап карегим талып
Издесем да
Бүт дүйнөдө таппадым сендей
Көрбөдүм сендей
Айды, көлдү айланып учкан
Жайдарым желдей
Сендей жанга көз арткан көптүр
Эч тынчтык бербей
Ишен жаным, абайла жаным
Ким болсо да
Чын баркыңды биле албас мендей
Сүйө албас мендей
Ишен жаным, абайла жаным
Ким болсо да
Чын баркыңды биле албас мендей
Сүйө албас мендей
Кайырма
Карап, карап карегим талып
Издесем да
Бүт дүйнөдө көрбөдүм сендей
Таппадым сендей