Сагыныч күтүлүп калып
Сен тарап мага куттары
Бактыма балкыйм
Бактыма балкыйм
Бар дүйнөм сирень жыттанып
Кайырма
Бош эле сенсиз кучагым
Жебесин үзүп кусанын
Сага арнайм дедим
Сага арнайм дедим
Сиреньдин сунуп бутагын
Балкыткан деңиз көлдөй
Мен азыр бакыт төрдөмүн
Жер чийип турчу
Сезимди бурчу
Сиреньдүү сенин көйнөгүң
Гүл жыты жүрөк жаралып
Тун сүйүүм дагы эле аманат
Түгөйүм элең балдарым менен
Бакчаны жүрөм аралап
Мезгилиң күлүп учурба
Сүйүүмдүн өчпөс кучакта
Элесиң жүрөт
Жүрөктө түнөп
Сиреньдин гүлүн кучакта