Мага келген ушул сезим
Махабатбы түшүнбөйм
Жаркып турган күнбү өзү
Жакындасам үшүбөйм
Кайырма
Карай берем карааныңды
Күтөм күлүп келет деп
Тагдыр мага аярымды
Табыштырып берет деп
Ойлорум бүт сенде менин
Оюмдасың чынарым
Барда өчүң менде сенин
Башкача бир сынаадың
Ашыктыктын азабынан
Азып бойдон калбайын
Жарык чачкан ажарынан
Жамалыңдан айдайым
Кайырма