Ак кайыңдын бир бутагын сындырба

Жан дүйнөмдө кары жашы тамып калат

Канча элди тор оорусунан айыкса

Эт жүрөктө айыкпаган дарттар калат

Кайырма

Сүйүү күчү эт жүрөктү жаралап

Сүйүү күчү жүлүнүмдү аралап

Сүйүү күчү өчпөс достой алоолоп

Сүйүү күчү бир өзүмө табышмак

Сүйүү деген дербиш кылат адамды

Басып жүргөн баса албайсың кадамды

Сүйүү деген канат байлап учурат

Айыктырат айыкпаган жаранды

Айрымдарга ак сүйүүдөн жол берет

Айрымдарга сүйүү жоктой сезилет

А мен болсо элжиретип жүрөгүм

Ак сүйүүмө дайым жүрөм эркелеп

Кайырма

Сүйүү деген ата энеге арналат

Сүйүү деген табыштырып жартылап

Сүйгүң мекениңди жериңди

Сүйүп балдарыңды канатына калкалап

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *