Автор: Анна Деус
Илгери-илгери эң байыркы жана эн бийик эмен дарагынын чокусунда кичинекей жалбырак өсүп чыгыптыр. Ал өтө назик эле, жылдыздай жаркыраган жука тамырлары күндүн жарыгында жылтырап турчу. Жалбырак чон жана белгилуу болгусу келчү. Ал шамалда чимирилген чоң жана бекем жалбырактарга суктанып, өзү да ошондой болууну эңсечү.
— Мен ушунчалык кичинекеймин, — деп арызданды жалбырак шамалга. — Бул чоң дүйнөдө кантип өзгөртүү киргизе алам?
Шамал акырын шыбырады:
— Сенин күчүңдү али биле элексиң.
Бирок жалбырак ишенген жок. Ал чоң жалбырактардай жаркырап, өзгөчө болгусу келип, аларды көргөн сайын капаланды.
Күз келгенде, жалбырак чоң жалбырактар дарактан түшүп жатканын байкады. Алар биринен сала бири абада айланып, жерге конушту.
— Эми менин да кезегим келген го, — деп ойлоду жалбырак.
Бирок ошол учурда ага күн нурунан жасалгандай жеңил жана тунук канаттары бар көпөлөк учуп келди.
— Эмнеге мынча капа болуп жатасың? — деп сурады көпөлөк. — Сен озгочосун!
— Кантип мен озгочо боло алам? — деп таң калды жалбырак. — Мен болгону кичинекей жалбыракмын, эч нерсеге жарабайм. Мени шамал учуруп кетет.
Көпөлөк жылмая жооп берди:
— Жылдыздарды карачы. Алар алыста, кичинекей көрүнөт, бирок алар өз жарыгы менен жердин бардык бурчун жарык кылат.
Жалбырак ойго чөмүлдү. Түн киргенде, асмандагы сансыз жылдыздарды көрүп, ар бир жылдыз чоң ааламдын бир бөлүгү экенин түшүндү. Өзү да ошол эмендин чоң дүйнөсүнүн бир бөлүгү экенин билди.
Күздүн сыйкыры улана берди. Жалбырак бутактан үзүлүп түшкөндө, шамал аны акырын жерге алып келди. Ал эмен дарагынын тамырларын жылуу жаздыкча менен жапкан жумшак килемдин бир бөлүгүнө айланды. Ошол учурда ал чоң даракты коргоп, азыктандырганын түшүндү.
Шамал акырын шыбырады:
— Сен күчүңдү таптың, Кичинекей Жалбырак.
Жалбырак жерге сиңип кетер алдында жылмайды: ал эми түшүндү, эң кичинекей нерсе да табияттын улуу айлампасында маанилүү экенин.