Датасы: 08.12.2024
Формат: mp3

Жарк эткен күлкүң элестеп
Жолуңдан күтөм келет деп
Жүрөккө сүйүүм толтуруп
Жоодурап турам сени эстеп

Көөдөнүң толуп наз болуп
Көңүлүм толо жаз болуп
Сүйүүдөн дүйнөм жаңырып
Сүйүүгө турам мас болуп

Булутсуз көктө асманым
Буюруп мага жазганың
Кучагым толо сен барда
Кереги эмне башканын

Капкайда оюм чачылып
Көңүлүн күндөй ачылып
Кездешүү үчүн сен дагы
Келатсаң гана ашыгым

Кай күнгө теңеп өзүмдү
Арнадым сага өзүмдү
Ар дайым турсаң эшитип
Алтыным деген сөзүңдү

Өзүндү күйүп жанганым
Өзүңсүң менин ардагым
Өмүрүм өтсүн сен менен
Өкүнбөйт элем ар дайым

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *