Датасы: 08.12.2024
Формат: mp3

Таттуум сен
Таалайым сен
Бакытым
Тагдыр буйруп
Таптым сени асылым

Жароокерим
Сенсиң мени жандаган
Жалындаган
Ак сүйүүдөн танбаган

Баш кошуп биз
Бактылуу үн жаңырып
Бала таптык
Чын бакытка багынып

Ак сүйүүнүн
Жалын күчү керемет
Адамзатка андан башка
Не керек

Жылуу сөздөн
Жан дүйнөңө күүлөнүп
Жанашып биз
Түбөлүккө бир жүрөлүк

Бакытты биз издебесте талаадан
Биз бакытты таба алдык баладан

Эбин тапсаң ачык болот ыйман жол
Элин сүйгөн эл сыйлаган инсан бол
Улуулугу болсун ар бир кебиңдин
Узак жашап булбулу болгун элиңдин
Бизди бөлөк кубанычка күлгөнүң
Бизге бакыт аман-эсен жүргөнүң


Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *