Датасы: 14.12.2024
Формат: mp3

Көксөгөн максат тилегим
Көрүү сени бир зирегим
Кудуңдап жүрөм кыялда
Кармалап аппак билегин

Жүрөктө сүйүү бар бекен
Сүйүшкөн жандар аз дешет
Ардагым сага айтарым
Көксөгөн жандар көп дешет

Кайырма:

Сезимде калдың сезимде
Жалындап жаздын кечинде
Карагым келди карагым
Кара көз сулуу периштем

Айдан да тунук ак жүзүң
Уялтат көзүң күн нурун
Бир өмүр катып жүрөйүн
Сүйүүңдөн берчи бир үзүм

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *