Датасы: 23.01.2025
Формат: mp3

Байкасам мындай болбогом
Өзүмчө жатып толгоном
Өзүңдү ойлоп жатарда
Өзүң деп таңда ойгоном

Эч кимге көңүл бурбаган
Сүйүүмдү менин уурдаган
Жигитче ойду толуктап
Таштайын сага бир кадам

Кайырма
Балбылдап оттой жанасың
Чын айтсам мага жагасың
Башкалар түшүнүшпөгөн
Көңүлдүн тилин табасың

Ийменип кылыктанасың
Чакыруу берем кагазын
Убакыт 19:00
Сүйүүнүн аялдамасы

Кабылал сунган гүлүмдү
Уялып катпа жүзүңдү
Ашыктык артып баратат
Укканда назик үнүңү

Бакытым башка конуптур
Убакыт жылбай коюптур
Бар болсоң чындап махабат
Түбөлүк бизди жолуктур

Кайырма
Балбылдап оттой жанасың
Чын айтсам мага жагасың
Башкалар түшүнүшпөгөн
Көңүлдүн тилин табасың

Один комментарий к “Мурадил Данияров — Сүйүүнүн аялдамасы тексти”

  1. Соонун мазмуну ото таасирдуу ыр болуптур Козумо жаш келди чынында угуп атып бар болсун ырды жазган Мурадил азаматсыз алга

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *