Датасы: 18.02.2025
Формат: mp3

Сени көрүп мени каптады
Махабаттын ысык аптабы
Дене табым көтөрүлүп ансайын
Жүрөгүмдүн согушу баттады

Жер сылаган узун көйнөкчөн
Жандап өттүң болуп көрмөксөн
Махабатты сезбей калмак экенмин
Эгер жүрсөм сени көрбөстөн

Кайырма:
Чачтары кара,бото көз,оозу оймок экен
Оймок экен,оймок экен
«Сүйдүрсөм болобу?»деп
Сурап койсоң болмок экен

Адат болду сени ойлонмой
Түшкө кирсең,жатам ойгонбой
Жүрөгүмдү акылынан тайдырып
Дубалатып эле койгондой

Сени көрүп мени каптады
Махабаттын ысык аптабы
Дене табым көтөрүлүп ансайын
Жүрөгүмдүн согушу баттады

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *