Ашыгып барам сагынып анан
Санаага салдың мени садагам
Айыкпай жарам алоолоп жанам
Жете албай сага жаным күйүп баратам
Кайырма
Көздөрүң карегиң кара кашың
Көрбөсөм кыйналам сени жаным
Күлкүңдү уксайм деймин сенин дайым
Гүл сунуп келемин сага дайым
Айдай жүзүңө тартылам жаным
Айламды кантип эми табамын
Сүйкүн көздөрүң сүйөмүн жаным
Түбөлүк өзүң менен бирге каламын
Кайырма
Көздөрүң карегиң кара кашың
Көрбөсөм кыйналам сени жаным
Күлкүңдү уксайм деймин сенин дайым
Гүл сунуп келемин сага дайым
Бексултан Карабаев — Ашыгып барам тексти
Датасы: 18.02.2025 Көрүүлөр: 4280