Датасы: 27.02.2025
Формат: mp3

Карай албай көздөрүңдү,
Карегиңден, ала качам.
Кармай албай бүт эркимди,
Эңсеп, самап сага барам
Баш ийкеп , салам айтып
Өтөм ар качан

Кайырма:
Кызганамын!
Мен ар бир көздөн сен кабылган,
Мен ар бир түндөн сен жамынган!
Мен кызганам, мен күйүп кызганам!

Убарамын!
Мен санааларга батып келем,
Мен сапарындан калбас белем !
Сен кымбатым, кыйбасым элең !

Байкабайсың көздөрүмдү
Айтып турган, сүйөм деген
Башкаларга күйүп , жанып
Нурдан бүткөн, өзүң менен
Билбейм бул тагдырымды
Жазган ким менен?

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *