Датасы: 07.05.2026
Формат: mp3

Аткаруучу: Зарлык Камбаралиев

Сагынычтын бул дартынан
Айла таппаймын жанчылам
Кумар болуп чыкпай жүрөм
Сени сүйүү азартынан

Тагдыр айтса болуп койдук угумуш
Орун алды эки жакка бурулуш
Азыр эми көзүбүздө жалын жок
Экөөбүз тең жалгыздыктын кулубуз

Жүрөгүмдү түркүн ойлор башкарат
Убадалар кайда?,кимдер аткарат
Түбөлүккө бирге болом дей калып
Биз сүйүүгө болуп калдык маскара

Кайырма:
Сагынычтын бул дартынан
Айла таппаймын жанчылам
Кумар болуп чыкпай жүрөм
Сени сүйүү азартынан

Сүйүү да тобокел
Тагдыр жазса бактылуусуң
Маңдайга жазбай койсо
Аз гана убактылуусуң
Сен эми башкалардын
Ойготосуң жактыруусун
Өзүң да сүйүп анан
Сүйдүргөнгө акылуусуң

Муз каптады менин жүрөгүмдү жалындаган
Сендей ашык болуп мен эч кимди сагынбагам
Бир келген сүйүүм болдуң маңдайыма жазылбаган
Адамдар бар бекен махабаттан жаңылбаган

Кайырма:
Сагынычтын бул дартынан
Айла таппаймын жанчылам
Кумар болуп чыкпай жүрөм
Сени сүйүү азартынан

YouTube булагы

Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *