Датасы: 12.05.2026
Формат: mp3

Аткаруучу: Гульнур Сатылганова, Мыктыбек Нурланбеков

Жаз жытын жазданып, кылгыра назданып
Келсеңчи жаштык кийип
Сүйүүдөн жазганып, жүрөктөн сөз тамып
Тосоюн толкуй сүйүп
Кошчу өмүргө шапардуу кечти
Кайрылбас күндөрдү сезчи
Оо жан эркем, кусалуу көзүмдү көрчү
Оо жан эркем, махабат түнүндө келчи.

Мезгилдер гүл чачып, кейиштүү түн качып
Убайым алыс кетсин
Шагылдуу кырды ашып, турмушка жол ачып
Колубуз айга жетсин
Жырга кубаныч себилген жылда
Койнуңду толтургун ырга
Оо жан эркем тартуулайм бакытты сага
Оо жан эркем жылдыздай максатты сама

Кыялды артынып, санааны калтырып сапарга аттаналы
Ишеним айтылып, келечек артылып тайгылбас бак табалы
Мөлтүр тунуктук чайылган кездер, делебе эриткен сөздөр
Оо жан эркем, түгөнбөсүн ушул күндөр
Оо жан эркем сүйүүбүз болсунчу терең
Оо, жан эркем ырыска баталы кенен
Оо жан эркем сүйүүбүз болсунчу терең
Ырыска баталы кенен
Сүйүүбүз болсунчу терең

YouTube булагы

Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *