Датасы: 20.05.2026
Формат: mp3

Аткаруучу: Nuzup Zamirbekov

Күмүш, алтын жалбырактуу жаз күнүм
Күлүп койсоң, күнүң чыгат наз гүлүм
Уяң карап жаш кезиңде жүрчү элең
Уялбастан ошол катты жаз бүгүн
Таппадым мен сага теңдеш эч гүлүм
Бир өткөн жок сени эстебей иш күнүм
Жашырынып көзүң ала кашчу элең
Жаным ошол сыр түйүнүн чеч бүгүн

Кайырма
Бир учалык улуу тоонун кушундай
Гүлдестени терип мөңгү музундай
Экөөбүздү ажыратып бир кошкон
Демек, жаным биздин тагдыр ушундай
Жаным биздин тагдыр ушундай

Жаралгандай жалгыз мага, ай күнүм
Жаркылдайсың, бубактайсың, ай гүлүм
Көңүлүңдү түйө байлап жүрчү элең
Көкүрөккө чачтарыңды жай бүгүн
Суусагандыр буулуккандыр бак гүлү
Сапырылсын сезимдериң чач бүгүн
Көрүнбөгүн сагынычтын берейин
Көшөгөңдү көөдөнүмө ач бүгүн

Кайырма
Бир учалык улуу тоонун кушундай
Гүлдестени терип мөңгү музундай
Экөөбүздү ажыратып бир кошкон
Демек, жаным биздин тагдыр ушундай
Жаным биздин тагдыр ушундай

Бир учалык улуу тоонун кушундай
Гүлдестени терип мөңгү музундай
Экөөбүздү ажыратып бир кошкон
Демек, жаным биздин тагдыр ушундай
Жаным биздин тагдыр ушундай

YouTube булагы

Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *