Аткаруучу: Аваз Акимов, Айдана Дека
Эркелик жактарым
Көтөрүп жатканың
Көңүлүм тапканың
Бул — тунук сүйүү
Ар дайым колдооң
Жанымда болгонуң
Жаным — деп койгонуң
Бул — тунук сүйүү
Көздөрүң сенин шам чырак
Жаныңа-жаным тартылат
Гүл алып келсем сага деп
Жүзүңдөн күлүп ай чыгат
Кичинекей нерсеге кубанып
Баладайсың бул анык
Бекем үй-бүлө курадык
Кыз-жигиттей мамиле уланып
Мунун баары сени жакшы көргөндөн
Баштагыдан кыялдарым өзгөргөн
Таап алгам сенин сезимдериңдин
Кубат аларын назик сөздөрдөн
Сен менин сүйүп калганым
Жүрөктө сенсиң ардагым
Кайырма:
Эркелик жактарым
Көтөрүп жатканың
Көңүлүм тапканың
Бул — тунук сүйүү
Ар дайым колдооң
Жанымда болгонуң
Жаным — деп койгонуң
Бул — тунук сүйүү
Саамайымдан сылап, өөп койсоң кучактап
Жыттап алсам сени, ошол мага ырахат
Боломун сенин эрмегиң
Жакын адамым сен менин
Бакытка тиет кереги
Сүйүүдөн башка эмненин
Багыма бар бол жаным
Сүйөмүн сени дайым
Саамайымдан сылап, өөп койсоң кучактап
Жыттап алсам сени, ошол мага ырахат
Боломун сенин эрмегиң
Жакын адамым сен менин
Бакытка тиет кереги
Сүйүүдөн башка эмненин
Багыма бар бол жаным
Сүйөмүн сени дайым
Кайырма
Эркелик жактарым
Көтөрүп жатканың
Көңүлүм тапканың
Бул — тунук сүйүү
Ар дайым колдооң
Жанымда болгонуң
Жаным — деп койгонуң
Бул — тунук сүйүү
Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.