Аткаруучу: Бакти Зарипов
Жайнаган жылдыз каптаган асманды
Көңүлүм толкуп эңсетет бир жанды
Ар дайым менин оюмда сен барсың
Өзгөрбөй сүйүүм жүрөгүмдө калды
Ар дайым менин оюмда сен барсың
Өзгөрбөй сүйүүм жүрөгүмдө калды
Кайырма:
Мен сени көрөмүн карасам айга
Мен бармын жаныңда жаным муңайба
Булактай таза арзуу бар сага
Колуңду берчи суктанайын кайра
Мен сени көрөмүн карасам айга
Мен бармын жаныңда жаным муңайба
Булактай таза арзуу бар сага
Колуңду берчи суктанайын кайра
Жан дүйнөм ооруса
Дартыма дабаасың
Жактырып жүргөнүм
Бир өзүң ганасың
Сен карап көрчү
Сезимдин арасын
Мага жар болсоң
Бактынды табасың
Кайырма:
Мен сени көрөмүн карасам айга
Мен бармын жаныңда жаным муңайба
Булактай таза арзуу бар сага
Колуңду берчи суктанайын кайра
Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.