Аткаруучу: NURI
Дилиме дем берген
Тилиме термелген
Ала-Тоо алтын топурагыңан
Жүрөгүм ой толгоп
Шимерип кол толо
Ширеден кымбат тоо булагыңан
Жазы-жайы жайлоо, талаа, жашылданып жаңы шибер
Жаңылана жан дүйнө, күчкө толуп жандана,
Беделине карабастан, берекесин аябастан, эй эй эй
Мөңгүсү, кыркасы, аскасы, коктусу
Калың токой карагайлар, ысык көлү ак куусу
Керемети сансыз Кыргызстан эээй
Кайырма:
Алга карай, менин кыргыз жерим
Ар бир уулуң чындап сүйөт сени
Тагдырга талыкпай, кадырың өссө деп
Көкөлөтүп кызыл туу желегиң
Алга карай, менин кыргыз жерим
Ар бир уулуң чындап сүйөт сени
Тагдырга талыкпай, кадырың өссө деп
Көкөлөтүп кызыл туу желегиң
Кыргыз жерим, Кудай берген белегим
Кыргыз жерим, болоюн мен тирегиң
Кыргыз жерим, Кудай берген белегим
Кыргыз жерим, болоюн мен тирегиң
Кылымдар карыса да
Убакыт тарыса да
Ажайып жаркын жамалың соолубас
Кудайым буюрса деп
Түн өтүп таң атса деп
Кулунуң жүрөгүндө тынбай добулбас
Ар бирибиздин кан тамырларыбызда кыргыз деп соккон бабалардын ыйык изи
Ар намыс, мекенине сүйүү деген мөөрү бар экенин жүрөгүндө билгенибиз, эй эй
Ар бирибиздин мойнубузда ийнибизде милдетибиз ийилбестен чын жүрөктөн
Биздин туулган жердин акысын бергенибиз
Алга карай, менин кыргыз жерим
Ар бир уулуң чындап сүйөт сени
Тагдырга талыкпай, кадырың өссө деп
Көкөлөтүп кызыл туу желегиң
Кыргыз жерим, Кудай берген белегим о
Кыргыз жерим, болоюн мен тирегиң
Кыргыз жерим, Кудай берген белегим о
Кыргыз жерим, болоюн мен тирегиң
Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.